Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 547-т тескемеге тиркеме |
2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын өнөр жай кластеринин ишканалары үчүн экспорттук жана маркетингдик стратегия
I. 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясы үчүн экспорттук жана маркетингдик стратегия
1-глава. Жалпы жоболор
1. Айыл чарбасы Кыргыз Республикасынын экономикасынын негизги тармактарынын бири болуп саналат, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун, калкты жумуш орундары менен жана экспорттук потенциалды калыптандырууну камсыз кылат.
Кыргыз Республикасы айыл чарба продукциясынын экспортун өнүктүрүү үчүн олуттуу атаандаштык артыкчылыктарына ээ, анын ичинде жагымдуу жаратылыш-климаттык шарттары, экологиялык таза жерлери, айыл чарба өндүрүшүнүн салттары жана ири сатуу рынокторуна географиялык жакындыгы бар.
2. 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын өнөр жай кластеринин ишканалары үчүн экспорттук жана маркетингдик стратегия (мындан ары – Стратегия) айыл чарба секторунун экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында иштелип чыккан жана өндүрүүчүлөр, кайра иштетүүчүлөр, кооперативдер жана экспорттоочулар үчүн экспорттук ишти өнүктүрүү жана продукцияны тышкы рыноктордо илгерилетүү боюнча практикалык сунуштарды камтыйт.
2-глава. Стратегиянын максаты жана милдеттери
3. Стратегиянын максаты сатуу рынокторун кеңейтүү, продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жогорку кошумча наркка ээ продукциянын үлүшүн көбөйтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатуу болуп саналат.
4. Стратегиянын милдеттери:
– келечектүү экспорттук рынокторду аныктоо;
– негизги товардык топтордун экспорттук потенциалын аныктоо;
– продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
– эл аралык стандарттарды ишке ашырууга көмөктөшүү;
– экспорттук инфраструктураны жана экспорттук маркетингди өнүктүрүү;
– айыл чарба продукциясын кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү.
3-глава. Учурдагы кырдаалды талдоо
5. Кыргыз Республикасынын негизги экспорттук товарлары болуп төмөнкүлөр саналат:
– өсүмдүк өстүрүү: буурчак, картошка, пияз, сабиз, капуста, алма, өрүк, алча, жүзүм, мөмөлөр;
– кайра иштетүү: кургатылган жемиштер, жемиш концентраттары, консервацияланган продукция, ширелер, жаңгактар;
– мал чарбачылыгы: эт, сүт азыктары, жүн, тери;
– балчылык: бал, башка бал азыктары.