Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
2025-жылдын 11-августундагы № 41
Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП) эсепке алуу менен 2026 -жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу. Бюджет боюнча коомдук угуулардын катышуучуларынан түшкөн сунуштарды карап чыгуу
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026 - жылдарга карата күтүлүүчү бюджет 121405,5 миң сом , корголгон берене 53153,0 миң сом болуп болжолдуу долбоору жактырылсын.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин такталган долбооруна план, проект жана сметалык эсептөөлөрдү толуктап, такталган түрдө алып келүү жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.И.Токтоболотов |