Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
2025-жылдын 11-августундагы № 42
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Казарман айылынын Күн батыш тарабындагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун боюнда жайгашкан “Тагай” участкасындагы таштанды төгүүчү жайды которуу жана жабуу боюнча иш алып баруу жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Жолокеев Нурадил Турсунбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Казарман айылынын Күн чыгыш тарабына жаңы таштанды төгүүчү жай ачуу боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдар менен 1-январь 2026-жылга чейин иш алып баруу жана чечүү жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Казарман айылынын Күн батыш тарабындагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун боюнда жайгашкан “Тагай” участкасындагы таштанды төгүүчү жай толуп бараткандыгына байланыштуу, жаңы таштанды төгүүчү жай аныкталып ачылгандан кийин, мамлекеттик органдардын корутундуларына ылайык, жабуу боюнча иш алып баруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.И.Токтоболотов |