Редакцияот 11.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын

 

2025-жылдын 11-августундагы  № 43

 

Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29 - июлдагы № 01-6/648 чыгыш сандуу катын кароо (водозабор)

 

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 28- июль 2025- жылдагы №01-16/3666 сандуу чыгыш катында көрсөтүлгөндөй, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 23- июль 2024-жылдагы “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” №405 Токтому менен бекитилген “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибинин” талаптарына ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

       1. Казарман айылындагы Чокморов Рыскул көчөсүнүн №44/1 дарегинде жайгашкан, суу насос станциясы мамлекеттик менчиктен (водозабор) Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп алынсын.

 

       2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүүдө мамлекеттик органдар менен биргеликте жер аянттын тактоо менен тийиштүү иш кагаздарын, толуктап өткөрүп алуу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

       3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

 

 

      4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына милдеттендирилсин.

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы      

 

                 Т.И.Токтоболотов