Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
2025-жылдын 11-августундагы № 44
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 29 - июлдагы № 01-6/648 чыгыш сандуу катын кароо (Жээналиев Токтожума көчөсү жөнүндө)
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 28-июль 2025- жылдагы №01-16/3666 сандуу чыгыш катында көрсөтүлгөндөй, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 23-июль 2024-жылдагы “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” №405 Токтому менен бекитилген “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибинин” талаптарына ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин
(I чакырылышынын) кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман айылындагы Жээналиев Токтожума көчөсүнүн №92 дарегинде жайгашкан, жалпы жер аянты 1600м2 түзгөн (идентификациялык коду-3-06-03-1001-0759) административдик имараты мамлекеттик менчиктен Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп алынсын.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүүдө мамлекеттик органдар менен биргеликте тийиштүү иш кагаздарын, толуктап өткөрүп алуу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.И.Токтоболотов |