Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
2025-жылдын 11-августундагы № 45
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25-июлундагы
№ 01-6/631 чыгыш сандуу катын кароо (зоналдык коэффициент)
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджетке түшө турган мүлк салыктарды көбөйтүү максатында жана Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөттөрү бириккендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388, 404-беренелерине ылайык, 2026-жылга карата Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында Кз - зоналдык коэффициенттери төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин:
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесине ылайык,
- үй жанындагы короо жай жана багбанчылык-чарба жер участогу үчүн - 1,6
өлчөмүндө белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесине ылайык,
- калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн,
зоналдык коэффициент - 2,0 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Каргалык айыл аймагында юридикалык жактарга Кз - зоналдык коэффициенттерине эсеп жүргүзүү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик салык мекемесине тапшырылсын.
3. Бул токтом 2026-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6.Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.И.Токтоболотов |