Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
2025-жылдын 11-августундагы № 46
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25- июлундагы № 01-6/633 чыгыш сандуу катын кароо ( ААК “Элдик Банк”)
Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Нур-Жайык” кичи районунун Күн батыш тарабындагы эски котельныйдын ордунан “Элдик Банк” Ачык акционердик коому Казарман филиалына (мурда РСК Банк) 900,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин берүү үчүн 2011-жылдын 23- сентябрь №571 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын № 45 токтому 30-июль 2024-жылдагы “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун негизинде иш алып баруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.И.Токтоболотов |