Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз
XIII сессиясынын
2025-жылдын 5-сентябрындагы №48
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 сандуу протоколдук тапшырмасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 19- август 2025-жылдагы №06-01/5735 сандуу каты, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 20 - август 2025-жылдагы №01-15/4097 сандуу каты жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында, Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагындагы жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттерде (жайларда) жана аймактарда төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбесин:
- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.И.Токтоболотов |