Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 525 токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип баш аламан таштанды жайларын минималдаштырууга багытталган мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуу моделин калыптандыруу, полигондорду жайгаштыруу жана унификациялоо аркылуу өндүрүштө ресурстарды кайрадан максималдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында керектөө калдыктарын көмүү үчүн полигондорду долбоорлоону, курууну жана рекультивациялоону жөнгө салат.
2. Курамында пайдалуу компоненттери бар калдыктардын түрлөрүнүн тизмесине киргизилген калдыктарды керектөө калдыктарынын полигондоруна көмүүгө тыюу салынат.
3. Керектөө калдыктарынын полигондоруна уулуу, радиоактивдүү жана Б, В, Г, Д классындагы медициналык кооптуу калдыктарды жайгаштырууга тыюу салынат.
2-глава. Негизги түшүнүктөр
4. Бул Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) керектөө калдыктары - физикалык же моралдык жактан эскиришинин натыйжасында керектөө касиеттерин жоготкон буюмдар, материалдар жана заттар. Керектөө калдыктарына адамдардын жашоо-тиричилигинин процессинде пайда болгон катуу тиричилик калдыктары да кирет;
2) керектөө калдыктарынын полигону - керектөө калдыктарын жайгаштыруу, изоляциялоо жана зыянсыздандыруу үчүн арналган, айлана-чөйрөнү булгануудан коргоону жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуучу инженердик курулмалар комплекси;
3) жумушчу карта - керектөө калдыктарын этабы менен жайгаштыруу (көмүү), андан кийин аларды тыгыздоо жана изоляциялоо үчүн арналган полигондун инженердик жактан даярдалган участогу;
4) полигонду эксплуатациялоонун кезеги - полигондун аймагынын этабы менен пайдаланууга берилүүчү жана белгиленген эксплуатациялоо мөөнөтүнүн ичинде калдыктарды кабыл алууну камсыз кылуучу бөлүгү;
5) ишке киргизүү комплекси - полигонду баштапкы этапта эксплуатациялоону камсыз кылуучу анын биринчи кезегинин минималдуу зарыл бөлүгү;
6) калдыктарды көмүү - булгоочу заттардын айлана-чөйрөгө түшүшүнө жол бербөөгө багытталган жана аларды андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган атайын сактагычтарда калдыктарды изоляциялоо;
7) калдыктарды изоляциялоо - айлана-чөйрөгө терс таасирин болтурбоо максатында жайгаштырылган керектөө калдыктарын инерттүү материалдын катмарлары менен жабуу боюнча иш-чаралардын комплекси;
8) полигонду рекультивациялоо - полигонду эксплуатациялоо аяктагандан кийин бузулган жерлерди калыбына келтирүү жана аларды коопсуз абалга келтирүү боюнча инженердик-техникалык жана экологиялык иш-чаралардын комплекси;
9) фильтрат - атмосфералык жаан-чачындар менен калдыктардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында полигондун ичинде пайда болгон, курамында эриген жана калкыма заттар бар, чогултулууга, чыгарылууга жана тазаланууга тийиш болгон суюктук;
10) дренаждык система - полигондун аймагынан фильтратты жана жер үстүндөгү сууларды чогултуу жана чыгаруу үчүн арналган инженердик курулмалардын комплекси;
11) фильтрацияга каршы экран - булганган суулардын полигондун топурак негизине сиңишине жол бербөө үчүн арналган табигый же жасалма материалдардан түзүлгөн инженердик система;
12) биогаз - полигондун ичинде органикалык калдыктардын анаэробдук ажыроосунун натыйжасында пайда болгон газ түрүндөгү аралашма;
13) дегазация системасы - контролдонбогон бөлүнүп чыгууларды алдын алуу максатында полигондун ичинен биогазды чогултуу жана чыгаруу үчүн арналган инженердик система;
14) үймө топурак (кавальер) - калдыктарды изоляциялоо, жабууларды жайгаштыруу жана рекультивациялоо үчүн полигонду курууда жана эксплуатациялоодо колдонулуучу инерттүү топурак (кум, чопо же алардын аралашмасы);
15) санитардык-коргоо зонасы - санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн белгиленүүчү полигонду турак жай курулуштарынан жана санитардык коргоону талап кылган башка объекттерден бөлүп турган аймак;
16) рекреациялык зона - калктын эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо үчүн арналган аймак;
17) суу агызуучу канава - полигондун аймагынан жер үстүндөгү (жамгыр жана эриген кар) сууларды тосуп калуу жана чыгарып кетүү үчүн арналган инженердик курулма;
18) полигондун оператору - полигонду эксплуатациялоо, анын коопсуздугу жана иштетүү учурунда технологиялык жана экологиялык талаптардын сакталышы үчүн жооптуу жеке же юридикалык жак;
19) долбоордук-сметалык документтер - керектөө калдыктарынын полигонун куруу, эксплуатациялоо жана жабуу үчүн зарыл болгон техникалык, технологиялык, архитектуралык жана экономикалык чечимдерди аныктаган документтердин комплекси;
20) долбоордук документтер - курулушту, реконструкциялоону, аймакты инженердик жактан даярдоону жана аны жайгаштырууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон архитектуралык-шаар куруу, көлөмдүк-пландоо, функциялык-технологиялык, конструкциялык, инженердик-техникалык жана башка чечимдерди камтыган графикалык, тексттик жана башка документтер;
21) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы - тиешелүү административдик-аймактык бирдикте калдыктар менен иштөө системасын уюштурууну жүзөгө ашыруучу орган;
22) айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - калдыктар менен иштөө жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө жөнгө салууну, координациялоону жана контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган.