Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз
XIII сессиясынын
2025-жылдын 5-сентябрындагы №49
Тогуз-Торо аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына сунушталган талапкерлер жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Тогуз-Торо аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына сунушталган талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
2. Бул токтом Тогуз- Торо аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.И.Токтоболотов |