Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-июлу № 20
Жеке жана юридикалык жактар менен жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча уруксат берүү жөнүндө келишим түзүү үчүн тарифтердин прейскурантын бекитүү жана келишимдерди түзүү тартибин жөнгө салуу тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы №678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, жеке жана юридикалык жактарга жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча уруксат берүү жөнүндө келишимдерди түзүү тартибин жөнгө салуу, Кара-Балта шаарынын аймагында жеңил автоунаа-таксинин лицензияланышын тартипке келтирүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле «Кара-Балта шаарынын Жол-курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында, Кара-Балта шаардык кеңеши токтом кылат:
1. «Кара-Балта шаарынын Жол-курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасына жүргүнчү ташууларды жүзөгө ашыруучу, анын ичинде жеңил автоунаа-такси кызматын көрсөткөн юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө уруксат берилсин.
2.1-тиркемеге ылайык, «Кара-Балта шаарынын Жол-курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасы үчүн жеке жана юридикалык жактарга жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча уруксат берүү жөнүндө келишим түзүү үчүн тарифтердин прейскуранты бекитилсин.
3.«Кара-Балта шаарынын Жол-курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасы жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү жүзөгө ашырсын.
4. Кара-Балта шаарынын мэриясына тарифтердин жана прейскуранттагы баалардын наркын туура эсептөөгө, ошондой эле «Кара-Балта шаарынын Жол-курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасына келип түшкөн акча каражаттарынын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү тапшырылсын.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлү Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри А.К. Исаковго жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш кагаздарына, Кара – Балта шаарынын мэриясына, Кара-Балта шаарынын алдындагы МИ “Жол курулуш башкармалыгына”, КР ЮМга.
Кеңештин төрагасы |
| М.Дуйшеналиев
|
|
| 1-тиркеме Кара-Балта шаардык кеңешинин №______ «___» _____________ токтомуна |
Бекитилди | Макулдашылды |
Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясынын токтому менен | Кара-Балта шаарынын мэри |
№ | ______________А.К. Исаков |
Жеке жана юридикалык жактар үчүн жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууну жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча уруксат берүү жөнүндө келишим түзүүгө карата тарифтердин прейскуранты
№ | Аталышы | Салыктарды эске алуу менен баасы (сом) |
1 | Бир (1) келишим түзүү үчүн тариф | 1000,00 |