Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңештин II чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2025-жылдын 31-октябрындагы №13/1
Д.Садырбаев айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
VI сессиясынын №6 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Д.Садырбаев айыл аймагынын 2025-жылдын 22-октябрындагы №01-35/3007 сунушун жана айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34, 39 беренелерин жетекчиликке алып, Д.Садырбаев айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Д.Садырбаев айылдык Кеңешинин 09.07.2024-жылдагы кезектеги I чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын №6 токтомунун негизги бөлүгүндөгү ( преамбуладагы ) жана 2 пунктундагы “Мамлекеттик сактоодогу жерлер” деген сөз “Мамлекеттик токой фондунун жерлер” категориясына деп өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Акматовага) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Д.Садырбаев айыл аймагынын www.sadyrbaevd10@gmail.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу мал чарба жана кайра иштетуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Тешебаев |