Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңештин II чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2025-жылдын 31-октябрындагы №13/2
Жарандарды турак жай салуу үчүн жер участок менен камсыз кылуу программасын бекитүү жөнүндө
Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 22-октябрындагы №01-35/3007 сунушун жана айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34,39 беренесинин жетекчиликке алып, Д.Садырбаев айылдык кеӊешинин II чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Д.Садырбаев айыл аймагындагы жарандарды турак жай салуу үчүн жер участок менен камсыз кылуу программасы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ш.Дарманкуловага милдеттендирилсин.
3.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Тешебаев |