Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңештин II чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2025-жылдын 31-октябрындагы №13/3
Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бекитилген бюджеттин тогуз айлык аткарылышын кароо жөнүндө
Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылын тогуз айлык көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Акматалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34, 39 беренелерин жетекчиликке алып, Д.Садырбаев айылдык кеӊешинин II чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылдын 9 айлык бюджетинин аткарылышы боюнча сын пикирлерди эске алуу менен жактырылсын.
2.Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн тогуз айлык көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчету канаттандыраарлык деп табылсын.
3.Кошумча түшкөн кирешелер эсебинен Д.Садырбаев айылдык кеңешинин экономик, бюджет боюнча туруктуу комиссиясы сунушталган өзгөртүүлөрү менен бюджет кабыл алынсын жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Ш.Дарманкуловага жүктөлсүн. ( экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын протоколу тиркелет).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Акматалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
А.Тешебаев |