Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңештин II чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2025-жылдын 31-октябрындагы №13/4
Бирдик айылында жайгашкан балдар бакчасынын капиталдык ремонту жөнүндө
Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-октябрындагы №01-35/3124 катынын негизинде жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Акматалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34, 39 беренелерин жетекчиликке алып, Д.Садырбаев айылдык кеӊешинин II чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал – Абад областтык Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан Бирдик айылындагы бала бакчанын капиталдык ремонту боюнча долбоор артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Бирдик айылындагы бала бакчанын капиталдык ремонтуна өздүк салым катары 425 040 (төрт жүз жыйырма беш миң кырк сом) акча каражат бөлүнүп берилсин жана Жалал – Абад областтык Өнүктүрүү фондусунун комиссиясына тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ш.Дарманкуловага тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Акматалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Тешебаев |