Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңештин II чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2025-жылдын 31-октябрындагы №13/5
Муниципалдык менчикке жерди “Масы –Тазалык” ишканасына пайдаланууга берүү жөнүндө
Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысынынын милдетин аткаруучу Ш.Дарманкулованын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34, 39 беренелерин жетекчиликке алып, Д.Садырбаев айылдык кеӊешинин II чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн балансындагы Карабаев көчөсүндөгү №15/1 даректе жайгашкан 5000,0 м2 жер тилкесин Масы-Тазалык ишканасына пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ш.Дарманкуловага милдеттендирилсин.
3.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Оморалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
А.Тешебаев |