Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 24-июну № 4/1
Ала-Буга муниципалдык ишканасына мусоровоз атайын техникасын сатып алууга каралган өздүк салымдын көлөмүн көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Ала-Буга муниципалдык ишканасы үчүн мусоровоз атайын техникасын сатып алууга каралган каражат жетишсиз болгондуктан, Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга айыл аймагына мусоровоз атайын техникасын сатып алууга мурда каралган 800 000 (сегиз жүз миң) сомго кошумча:
2. Карды Жарык каналына каралган каражаттан 700 000 (жети жүз миң) сом бөлүнүп берилсин.
3. Жалпы 700 000 (жети жүз) миң сом мусоровоз техникасына ѳздүк салым катары каралсын.
4. Ала-Буга айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмү бюджеттик каражаттарды белгиленген тартипте тиешелүү иштерди жүргүзсүн.
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, финансы жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: |
Бактыбай уулу Кубанычбек |