Редакцияот 26.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 26-августу № 298

 

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын штаттык санынын чегин 189 штаттык бирдикке көбөйтсүн.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров