Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-июлу № 5/1
Ала-Буга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 17-мартындагы №01-25/78 сандуу буйругуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Ала-Буга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн укуктук жактан жөнгө салуу максатында, Ала-Буга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сулаймановдун сунушун карап чыгып, Ала-Буга айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Буга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме 16 баракта).
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жиберилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ала-Буга айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жана Ала-Буга айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сулаймановго жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган (маалымат такталарында жана укуктук актылардын порталында жайгаштырылган) күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
Бактыбай уулу Кубанычбек |
“Бекитемин”
Ала-Буга айылдык кеңешинин
төрагасы: К.Бактыбай уулу “31”июль 2026-жыл №5 сессиясынын №5/1 токтому менен бекитилди
ТИПТҮҮ УСТАВЫ
Биз, Ала-Буга айыл аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, айыл аймагыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
1.1. Ала-Буга айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы — жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин токтому менен бекитилген, жергиликтүү жамааттын жашоо- турмушун, мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жөнгө салган негизги документ.
1.2. Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын ички жашоосунун негизги принциптерин, мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин, анын ичинде бюджеттик процесске катышуусун аныктайт.
1.3. Устав Ала-Буга айыл аймагында бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү.
Жергиликтүү жамаат - айыл аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.
Жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү жамааттын жашоосуна тиешелүү маселелер.
Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - мамлекеттик органдардан жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген айрым ыйгарым укуктар.
Демилгелүү топтор — жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн ыктыярдуу бирикмелер (элдик демилге, көйгөйдү чечүү, чогулуш/жыйындарды өткөрүү топтору).
Муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчиги жана киреше булагы.