Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Xll сессиясынын токтому
2025-жылдын 30-декабрындагы №87
2026-жылга үлүштүк дем берүүчү гранттан каржылануучу ”Чолпон-Ата айылындагы №7 үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) имаратынын чатырын капиталдык оңдоо” долбоору жөнүндө
Улүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануучу долбоордук сунуштарды даярдоо жана ишке ашыруу максатында, Кетмен-Дөбө айыл өукмөт башчысы Б.Т.Багымбаевдин жана айылдык кенештин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна таянып Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылыштын кезексиз Xll сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөт башчысы Б.Т. Багымбаевдин жана айылдык кеңештин алдында түзүлгөн комиссиялардын баяндамалары жана сунуштары эске алынсын/.
2.2026-жылга үлүштүк дем берүүчү гранттын каржылануучу ,,Чолпон-Ата айылындагы №7 үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) имаратынын чатырын капиталдык оңдоо” долбоору жөнүндө долбоордук сунуштары колдоого алынсын
3.Долбоорлорду ишке ашырууда өздүк салымдын өлчөмү 371000 (үч жүз жетимиш бир мин) сом болуп бекитилсин жана 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4.Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш чараларды аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы,Б.Т.Багымбаевге жүктөлсүн.
5.Токтомду аткарууга алуу жагы, өкмөт башчы Б. Т. Багымбаевге милдеттендирилсин.
6.Бул токтом Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
7.Айылдык кенештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин
туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.С.Алишеров
|