Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Xll сессиясынын токтому
2025-жылдын 30-декабрындагы №88
Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна, Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу арык, каналдарды ондоо, казуу жана суу жетпеген айыл чарба жерлерин суутменен камсыз кылуу максатында, экскватор атайын техникасын алуу” долбоору жөнүндө
Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу долбоордук сунуштарды даярдоо жана ишке ашыруу максатында, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы, Б.Т. Багымбаевдин жана айылдык кеңештин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын №123 ,, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары жөнүндо” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт башчысы, Б.Т. Багымбаевдин жана айылдык кеңештин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын баяндамалары жана сунуштары эске алынсын. 2. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна ,, Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу, арык, каналдарды ондоо, казуу жана суу жетпеген айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылуу максатында, экскватор атайын техникасын алуу” долбоору колдоого алынсын.
3. Долбоорлорду ишке ашырууда өздүк салымдын өлчөмү 3100000 (үч миллион бир жүз миң) сом болуп бекитилсин жана 2026-жылы “Жалал-Абад облусундагыТоктогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мекемесинен суралсын.
4. Бул токтом Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн веб-сайтында жарыялансын.
5.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы, бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү, тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар, Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын, Юстиция Министрлигинин, Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып, күчүнө кирет
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин тиешелүүлүгүнө жараша туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
А.С.Алишеров
|