Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Xll сессиясынын токтому
2025-жылдын 30-декабрындагы №90
“Терек-Суу айылындагы Т.Суранчиев атындагы оорукананын каалга жана терезелерин алмаштыруу долбоору жөнүндө
Токтогул райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу долбоордук сунуштарды даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелөөчү жумушчу топтун жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20–октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна таянып Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылыштын кезексиз Xll сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт башчысы Б.Т. Багымбаевдин жана айылдык кеңештин алдында түзүлгөн комитеттердин баяндамасы жана сунушу эске алынсын.
2. “Терек-Суу айылындагы Т.Суранчиев атындагы оорукананын каалга жана терезелерин алмаштыруу долбоору жөнүндө долбоордук сунуштары жактырылсын.
3. Долбоорлорду ишке ашырууда өздүк салымдын өлчөмү 5090 000 (беш миллион токсон мин) сом болуп бекитилсин жана 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш чараларды аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына жана демилгелөөчү жумушчу топко жүктөлсүн. Алар өз ишинде Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 13-декабрындагы №567 буйругу менен бекитилген Токтогул районун өнүктүрүү фондусу жөнүндө жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы жетекчиликке алышсын.
5. Токтомду аткарууга алуу жагы, өкмөт башчы Б. Т. Багымбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын
7. Айылдык кенештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин
туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.С.Алишеров
|