Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Xll сессиясынын токтому
2025-жылдын 30-декабрындагы №91
Кетмен-Дөбө айылдык аймагынын Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күнгөй айылынын башкы планын (ген.планын) бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т Багымбаевдин сунушун жана айылдык кеңешинин айыл чарба,муниципиалдык жер,имарат жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамаларын жана сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 27-беренесинин 15 пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Xll сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айылдык аймагынын Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күнгөй айылынын башкы планын (ген.планын) бекитүү жөнүндөгү Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т Багымбаевдин сунушу жана туруктуу комиссиясынын баяндамалары жана сунуштары эске алынсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күнгөй айылынын башкы планы (ген.планын) коомдук жана элдик талкуудан өткөндүгүнө байланыштуу,жергиликтүү тургундары сунуштары эске алынып,озгөртүүлөр менен бекитүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Т. Багымбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын
5. Айылдык кенештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин
туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.С.Алишеров
|