Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Xll сессиясынын токтому
2025-жылдын 30-декабрындагы №92
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу, Терек-Суу, Чоң-Арык, Кырк-Казык жана Жаңы-Арык айылдарынын башкы пландарын (ген пландарын) бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы, Б.Т. Багымбаевдин жана айылдык кеңештин алдында түзүлгөн айыл чарба, муниципиалдык жер, имарат жана архитектура боюнча туруктууу комиссиянын баяндамаларын жана сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын №123 ,, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна таянып, Кемтен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу, Терек-Суу, Чоң-Арык, Кырк-Казык жана Жаңы-Арык айылдарынын башкы пландарын, (ген пландарын) бекитүү жөнүндөгү, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы, Б.Т. Багымбаевдин жана туруктуу комиссиянын баяндамасы жана сунуштары эске алынсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу, Терек-Суу, Чоң-Арык, Кырк-Казык жана Жаңы-Арык айылдарынын башы пландары (ген пландары) коомдук жана элдик талкуудан өтүп, жергиликтүү тургундарга, айыл өкмөтү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, жергиликтүү тургундарга, айыл өкмөтү тарабынан түшүндүрүү иштери кийин, жергиликтүү тургундардын сунуштарын эске алып, алымча-кошумчасы менен өзгөртүүлөр менен бекитилүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы, айыл өкмөт башчысы, Б.Т. Багымбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы, бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү, тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар, Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын, Юстиция Министрлигинин, Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилгенден тартып, күчүнө кирет.
7. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин тиешелелүүгүнө жараша туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
А.С.Алишеров
|