Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз Xll сессиясынын токтому
2025-жылдын 30-декабрындагы №93
2026-жылга Кетмен-Дөбө айыл аймагына, Бириккен Улуттар Уюмунун ,, Азык-түлүк” программасын (ДАТП) жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнундө
Бириккен Улуттар Уюмунун ,, Азык-Түлүк” программасынын эсебинен каржылануучу долбоордук сунуштарды даярдоо жана ишке ашыруу максатында, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы, Б.Т. Багымбаевдин жана айылдык кеңештин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын , долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын ,№123 ,, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна таянып, Кемтен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы, Б.Т. Багымбаевдин жана айылдык кеңештин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын баяндамалары жана сунуштары эске алынсын.
2. 2026-жылга Бириккен Улуттар Уюму тарабынан каржыланган ,, Азык-Түлүк” программасы колдоого алынсын.
3. Долбоорду ишке ашырууда, сметалык баасы аныкталган көйгөйлоргө акча каражатты , 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш чараларды аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Т.Багымбаевге жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууга алуу жагы ,өкмөт башчы Б.Т.Багымбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн веб-сайтында жарыялансын.
7. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы, бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү, тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар, Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын, Юстиция Министрлигинин, Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилгенден тартып, күчүнө кирет.
9. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин тиешелелүүгүнө жараша туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
А.С.Алишеров
|