Загрузка документа…
АК-ТЕРЕКАЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-июлу, №223
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын (6 айлыкта) биринчи жарым жылдыгында
аткарган иштери жөнүндө
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын (6 айлыкта) биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуу комиссиянын жана жалпы депутаттардын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын (6 айлыкта) биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндө отчету кабыл алынсын.
2. Ак-Терек айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын (6 айлыкта) биринчи жарым жылдыгында аткарылган бюджетинин иштери боюнча отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
3. Ак-Терек айыл өкмөтүнө 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүү программасын өз убагында аткаруу, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана калкка көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча иштери тапшырылсын.
4. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин токтомдору каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага А.А. Мамбетов