Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
2026-жылды9-июлу, №224
«Ак-Эмгек-Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын (6 айлыкта) биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү жөнүндө
«Ак-Эмгек-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси У.Мааткеримовдун 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматын угуп, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуу комиссиянын жана жалпы депутаттардын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. «Ак-Эмгек-Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын (6 айлыкта) биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндө маалыматы кабыл алынсын.
2. «Ак-Эмгек-Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын (6 айлыкта) биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндө маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
3. Муниципалдык ишканага калкты коммуналдык кызмат көрсөтүү менен камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу, санитардык тазалыкты камсыздоо жана финансылык тартипти күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын.
4. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин токтомдору каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдѳѳ жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Т. Ормуковага тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамбетов