Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-июлу, №225
Аймактагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн кошумча күйүүчү-майлоочу материалдарды (ГСМ) бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, «Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамын жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Э.Эмилбековдун сунушун угуп, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуу комиссиянын жана жалпы депутаттардын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Катуу жааган жамгырдын кесепеттерин жоюу иштерине тартылган атайын техникаларды күйүүчү-майлоочу материалдар (ГСМ) менен камсыздоо үчүн кошумча акча каражаты каралсын.
2. Ѳзгѳчѳ кырдаалдарга каралган аппараттын 2215 беренесинен 150 000 сом ЖКХ 2214 беренесине которулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
4. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин токтомдору каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдѳѳ жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Т. Ормуковага тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамбетов