Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-июлу № 5/3
Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылындагы муниципалдык менчикте турган жерден Ак-Талаа райондук ички иштер бѳлүмүнүн Чолок-Кайың аймактык милициянын бѳлүмчѳсүнүн имаратын куруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылындагы К.Маметов №16 дарегинде жайгашкан муниципалдык менчикте турган идентификациялык коду 4-01-02-1002-0245 айылдык оорукананын түндүк тарабынан ашыкча жалпы аянты 630 (алты жүз отуз) чарчы метр болгон бош жаткан жер тилкесин мамлекеттик менчикке берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Тиешелүү документтерди бүткѳрүү жагы Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
Бактыбай уулу Кубанычбек |