Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-июлу № 5/4
Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылындагы айыл өкмөтүнүн административдик имаратына жабдууларды сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылындагы айыл өкмөтүнүн административдик имаратын заманбап жабдуулар менен камсыздоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана кызматкерлер үчүн талапка ылайык иш шарттарын түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамын жетекчиликке алып, Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылындагы айыл ѳкмѳтүнүн административдик имаратына жабдууларды сатып алуу үчүн Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна даярдалгандолбоорго жергиликтүү бюджетинен өздүк салым катары 680000(алты жүз сексен миң)сом бѳлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаты долбоордо каралган жабдууларды мыйзамдардын талаптарына ылайык сатып алууга багытталсын.
3. Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысына бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланууну мамлекеттик сатып алууларды мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүүнү аткарылган иштер боюнча белгиленген тартипте отчет берүүнү камсыз кылуу милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу башкы бухгалтер А.Жангазиевага жүктөлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Бактыбай уулу Кубанычбек |