Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июлундагы № 502 токтомуна)
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартиби
1. Бул Тартип мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында квалификациялуу юридикалык жардам алууга укугу бар адамдарга (мындан ары – алуучу) квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөткөндүгү үчүн адвокатка акы төлөөнүн тартибин жөнгө салат.
2. Алуучуларга квалификациялуу юридикалык жардам мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестрине (мындан ары – Реестр) киргизилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы (мындан ары – Кызмат) менен келишим түзгөн адвокаттар тарабынан көрсөтүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза, жарандык, административдик иш жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча алуучуга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Кызматтын координатору (мындан ары – Координатор) адвокатты дайындайт.
Адвокатты дайындоо мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
4. Адвокаттын кезметте турган мезгилинде Координатор кылмыш-жаза, жарандык сот өндүрүшү жана укук бузуулар жөнүндө иштин өндүрүшү боюнча ага жалпысынан бештен ашык эмес ишти жүргүзүүнү дайындоого укуктуу.
Бул чектөө Реестрде турган адвокаттардын саны жетишсиз административдик-аймактык бирдиктерде колдонулбайт. Адвокаттардын саны жетишсиз административдик-аймактык бирдиктердин тизмеси Кызматтын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
5. Адвокат кылмыш-жаза, жарандык же административдик сот өндүрүшүндө, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштө белгилүү бир баскыч аяктагандан кийин он жумуш күндүн ичинде Адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын регистрин (мындан ары – Регистр) түзөт, Кызмат тарабынан бекитилген формага ылайык Регистрди жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө отчетту (мындан ары – отчет) тиркөө менен Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылат.
6. Координатор арыз катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде Регистрди жана адвокаттын отчетун карап чыгат жана жыйынтыгы боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокатка акы төлөө же токтото туруу же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн Координатор жеке жоопкерчилик тартат.
7. Координатор алуучудан даттануу келип түшкөн учурда квалификациялуу юридикалык жардам үчүн акы төлөөнү токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат. Даттануу маңызы боюнча каралып, акыркы чечим кабыл алынганга чейин анда көрсөтүлгөн ишке карата убактылуу токтото туруу колдонулат.
8. Координатор төмөнкү учурларда адвокатка акы төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат:
1) эгерде адвокат Координатордун тиешелүү чечимисиз квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө киришсе;
2) эгерде мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер, жарандык жана административдик иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын ишинин сапат стандартына ылайык адвокат тарабынан кылмыш-жаза, жарандык же административдик сот өндүрүшүнүн баскычтарына, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө катышканын тастыктаган Регистр жана отчет берилбесе;
3) эгерде алуучунун даттануусун кароонун жыйынтыгы боюнча адвокатка карата мыйзамдарга ылайык таасир этүү чаралары колдонулса жана мындай таасир этүү чарасы даттануунун предмети болгон конкреттүү иш боюнча анын милдеттерин талаптагыдай эмес жана сапатсыз аткаруусуна байланыштуу болсо;