Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-июлу № 5/5
Долбоордук ѳтүнмѳнү бекитүү жѳнүндѳ
Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңеши айыл аймагында инфратүзүмдүк деңгелди жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги масалелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы айыл ѳкмѳтүнүн административдик имаратына жабдууларды сатып алуу үчүн Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна даярдалгандолбоорго жалпы наркы 3654756(үч миллион алты жүз элүү тѳрт миң жети жүз элүү алты) сомду түзгѳн долбоорлук ѳтүнмѳ бекитилсин.
2. Долбоордук ѳтүнмѳ белгиленген тартипте Нарын облусунун Теңир-Тоо ѳнүктүрүү фондуна каржылоого сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ай ыл ѳкмѳт башчысы А.Сулаймановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: |
Бактыбай уулу Кубанычбек |