Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-июлу № 5/6
Чолок-Кайын айылындагы Нарын электр тармактары ишканасы (НЭСО) үчүн 2026-жылга ичүүчү таза суунун жана катуу тиричилик калдыктарын (таштанды) чыгаруунун
тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, «Ала-Буга» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж. Бешбаевдин 2026-жылдын 31-июлундагы сунуш катын карап чыгып, Чолок-Кайын айылындагы Нарын электр тармактары ишканасынын (НЭСО) объектилерине таза суу берүү жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызматтарын үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ошондой эле тарифтерди иретке келтирүү максатында, Ала-Буга айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ала-Буга» муниципалдык ишкана тарабынан Нарын электр тармактары ишканасынын (НЭСО) Чолок-Кайын айылындагы объектилери үчүн көрсөтүлүүчү кызматтардын 2026-жылга карата тарифтери төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
· Ичүүчү таза суу үчүн тариф: 1 m^3 (куб метр) суу үчүн — 15,81 сом, айына акы төлөө — 948,6 сом;
· Катуу тиричилик калдыктарын (таштанды) чыгаруу үчүн тариф: 1 m^3 (куб метр) үчүн — 700 (жети жүз) сом (айлык акы түрүндө).
2. Нарын электр тармактары ишканасы (НЭСО) бекитилген тарифтерге ылайык 2026-жыл үчүн сууга жана таштанды чыгаруу кызматына төлөмдөрдү өз убагында «Ала-Буга» муниципалдык ишканасынын эсебине которууну камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы МИ «Ала-Буга» жетекчиси Ж. Бешбаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы Ала-Буга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү А.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
Бактыбай уулу Кубанычбек |