Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-июлу № 5/7
Ала-Буга айыл аймагынын Кош-Дөбө айылында жайгашкан Чылым уулу Жакып көчөсү № 101, 4-01-01-1001-0475 идентификациялык кодунда жайгашкан аянты 3295 (үч миң эки жүз токсон беш) чарчы метр бош жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында, Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Буга айыл аймагынын Кош-Дөбө айылындагы Чылым уулу Жакып көчөсү №101, 4-01-01-1001-0475 идентификациялык кодунда жайгашкан аянты 3295 (үч миң эки жүз токсон беш) чарчы метр болгон бош жер тилкеси муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2.Ала-Буга айыл өкмөтүнө мыйзамда белгиленген тартипте аталган жер тилкесин муниципалдык менчик катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана тиешелүү документтерди тариздөө тапшырылсын.
3.Тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жер тилкесине болгон укуктарды каттоо жана муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү боюнча зарыл чаралар көрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ала-Буга аймагынын айыл ѳкмѳтү А.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
Бактыбай уулу Кубанычбек |