Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-июлу № 5/8
Кош-Дөбө айылында ичүүчү таза сууну сарамжалдуу пайдалануу, коомдук мончолордун иштөө тартибин бекитүү жана таза суу эрежелерин бузгандарга карата чара көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык, Кош-Дөбө айылында ичүүчү таза суунун жетишсиздигин болтурбоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коммерциялык эмес/коммерциялык багыттагы сууну эсепке алууну иретке келтирүү максатында, Ала-Буга айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Коомдук мончолордун иштөө графиги жана суу төлөмдөрү боюнча:
· Кош-Дөбө айылында ичүүчү таза сууну үнөмдөө максатында мончо жагып, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзгөн жарандарга мончолорду аптасына 3 (үч) күн гана жагууга уруксат берилсин.
· Иштөө күндөрү: Жума (5-күн), Ишемби (6-күн), Жекшемби (7-күн) деп белгиленсин. Белгиленген графиктен тышкары күндөрү мончо жагууга катуу тыюу салынсын.
2.Суу эсептегичтери жок пайдалануу жана айып пулдар боюнча:
· Ичүүчү таза сууну пайдаланып ишкердик кылган мончолор үчүн таза суунун тарифи 1 тоннасына (1 м³) 60 (алтымыш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
· Ичүүчү таза суу үчүн карыздын суммасы 1 000 (бир миң) сомдон ашкан тургундарга/жарандарга алдын ала эскертүү берүү менен ичүүчү суу түтүгү кыркылсын (кесилсин) жана мыйзамда белгиленген тартипте айып пул салынсын.
· Суу түтүгүн кайра туташтыруу карыз толук төлөнгөндөн жана кайра туташтыруу чыгымдары кабылгандан кийин гана жүргүзүлсүн.
· Ичүүчү таза сууну короо-жайды, огороддорду жана эгиндерди сугарууга пайдаланууга катуу тыюу салынсын.
· Айылдын аймагында ичүүчү таза сууну суу эсептегич (водомер) аспабы жок же мыйзамсыз туташып пайдаланган учурлар укук бузуу болуп эсептелсин.
· Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык, сууну эсепке алуу аспаптары жок же эрежелерди бузуу менен пайдаланган субъекттерге төмөнкүдөй өлчөмдө айып пул салынсын:
· Айылдын аймагында ичүүчү таза сууну суу эсептегич (водомер) аспабы жок пайдаланган же эрежелерди бузган жарандарга/ишкерлерге карата 7 230 (жети миң эки жүз отуз) сом өлчөмүндө айып пул салынсын (же келтирилген зыян катары өндүрүлсүн).
3.Таза сууну эсептегичсиз пайдаланган же мончо графигин бузган жарандарга/ишкерлерге тиешелүү протокол түзүү жана айып пулду өндүрүү укугу Ала-Буга айыл өкмөтүнүн алдындагы укук бузууларды кароочу комиссияга жана тиешелүү адистерге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ала-Буга аймагынын айыл ѳкмѳтү А.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
Бактыбай уулу Кубанычбек |