Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-июлу № 5/9
Жерге-Тал айылындагы эски кампаны муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, ошондой эле Жерге-Тал айылындагы пайдаланылбай турган эски кампаны айыл аймагынын муктаждыктары үчүн натыйжалуу пайдалануу максатында, Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жерге-Тал айылындагы Артыков Тойчун көчөсүндө, Асанканов Сагынбектин турак жайына жанаша жайгашкан эски кампанын объектисин жана ага тиешелүү жер аянтын мыйзамда белгиленген тартипте Ала-Буга айыл аймагынын муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2. Ала-Буга айыл өкмөтүнө төмөнкү иштерди жүргүзүү тапшырылсын:
· объектинин жана жер аянтынын укуктук макамын аныктоо;
· кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын түзүү;
· жер тилкесинин чек араларын тактоо жана кадастрдык документтерин даярдоо;
· объектти жана жер тилкесин муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү;
· мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү.
3. Кампанын техникалык абалын, аянтын жана пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлсүн.
4. Комиссиянын корутундусунун негизинде объектти айыл аймагынын социалдык-экономикалык муктаждыктары үчүн пайдалануу боюнча сунуш киргизилсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
Бактыбай уулу Кубанычбек |