Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-июлу, №226
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин расмий веб-сайтын ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, калкты өз убагында маалымдоо, жергиликтүү кеңештин расмий маалыматтарды жарыялап туруу максатында, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуу комиссиянын жана жалпы депутаттардын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, калкты өз убагында маалымдоо, жергиликтүү кеңештин расмий маалыматтарды жарыялап туруу максатында, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин расмий веб-сайты ачылсын.
2. Расмий веб-сайтта төмөнкү маалыматтар үзгүлтүксүз жайгаштырылсын:
a. жергиликтүү кеңештин чечимдери, сессиялардын күн тартиби;
b. жарандар үчүн маанилүү кулактандыруулар жана башка расмий маалыматтар.
3. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде веб-сайтка жайгаштыруу үчүн сунушталуучу маалыматтардын өз убагында, расмий, анык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген болушун камсыз кылышсын.
4. Веб-сайтка жарыялоо үчүн токтомдорду, сунуштарды, кулактандырууларды жана башка расмий маалыматтарды белгиленген тартипте жооптуу кызматкерге өз убагында берүү жагы жергиликтүү кеӊештин депутаттарына милдеттендирилсин.
5. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин токтомдору каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү ѳзүмѳ калтырам.
Төрага А.А. Мамбетов