Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-июлу № 5/10
Коӊорчок айылынын кызыл сызык (красный линия) картасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, Коӊорчок айылынын аймагындагы жерлерди туура пайдалануу, көчөлөрдүн, жолдордун жана коомдук пайдалануудагы жер тилкелеринин чектерин тактоо максатында Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коӊорчок айылынын калктуу конушунун кызыл сызык (красный линия) картасы бекитилсин кызыл сызык (красный линия) төмөнкү өлчөмдөрдө бекитилсин:
- Республикалык маанидеги Баетов–Кош-Дөбө авто жолунун кызыл сызыгы – 30 (отуз) метр;
-Негизги көчө кызыл сызыгы – 20 (жыйырма) метр; (Сейдакмат көчөсү)
-Сырткы көчө кызыл сызыгы – 15( он беш) метр; (Т.Жыргалбеков көчөсү)
-Ички көчөлөрдүн кызыл сызыгы-12 (он эки) метр; (Жээнтай. Т.Кененсариев.Курманбай) кѳчѳлөрү.
-Туура көчөлөрдүн кызыл сызыгы- 10 (он ) метр ;(М.Ниязов. (кантор, үч кошкон,мектеп асты.фап. 4-көчө) кѳчѳѳлѳрү.
2. Бекитилген картага ылайык көчөлөрдүн, жолдордун жана коомдук жайлардын чек аралары так сакталсын,мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн мыйзамсыз курулуштарга жол берилбесин;
3. Жер тилкелерин бөлүп берүүдө жана курулуш иштерин жүргүзүүдө кызыл сызык талаптары милдеттүү түрдө сакталсын.
4. Ала-Буга айыл өкмөтү бул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барсын калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ала-Буга аймагынын айыл ѳкмѳтү А.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Төрага: |
Бактыбай уулу Кубанычбек |