Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-июлу, №229
Ак-Терек айыл аймагындагы карьерлерди өндүрүштүк максатта пайдалануу жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Э.Эмилбековдун сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын сунуштары угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын аймагында жайгашкан төмөнкү карьерлер өндүрүштүк максатта пайдаланууга берилсин:
· Тогуз-Булак айылындагы №529 контурунда жайгашкан 1,0 га жер аянты;
· Кызыл-Туу айылындагы №312 контурунда жайгашкан 3,2 га жер аянты;
· Кызыл-Туу айылындагы №318 контурунда жайгашкан 1,5 га жер аянты;
· Көл-Төр айылындагы №296 контурунда жайгашкан 14,1 га жер аянты.
2. Ак-Терек айыл аймагындагы карьерлерди өндүрүштүк максатта пайдалануу маселеси боюнча мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу жүргүзүлсүн.
3. Айыл өкмөтүнө карьерлерди пайдалануу боюнча документтерди мыйзам чегинде тариздөө жана экологиялык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
4. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин токтомдору каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдѳѳ жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дастановго тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамбетов