Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-июлу, №230
Ак-Терек айыл аймагындагы ичүүчү таза суу системаларын (ИСКАКБ) башкарууну жана тейлөөнү «Ак-Эмгек-Тазалык» муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алып, Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Э.Эмилбековдун сунушун угуп, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын сунуштары угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагындагы ичүүчү таза суу системаларын (ИСКАКБ) башкаруу жана тейлөө укугу «Ак-Эмгек-Тазалык» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
2. Ак-Терек айыл өкмөтүнө мыйзамдарга ылайык кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын, келишимдерди жана башка тиешелүү документтерди тариздөө жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
3. Ак-Терек айыл аймагы боюнча ичүүчү таза суу объекттеринин үзгүлтүксүз иштөөсүн, техникалык тейлөөсүн жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү «Ак-Эмгек-Тазалык» муниципалдык ишканасы камсыз кылсын, муниципалдык ишканасынын жетекчиси У.Мааткеримовго аткаруу иштери жүктѳлсүн.
4. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин токтомдору каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдѳѳ жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дастановго тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамбетов