Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-июлу №232
Кара-Коо айылында курулушу пландаштырылып жаткан бала бакчанын долбоордук-сметалык документтерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Терек айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 8-июлундагы №01-7-2263 катынын негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Э.Эмилбековдун сунушун угуп, Кара-Коо айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон муктаждыкты эске алуу, калктын өсүшүнө байланыштуу кошумча орундарды түзүү максатында, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын сунуштары угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Коо айылында курула турган бала бакчанын долбоордук-сметалык документтерине (ПСД) тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, долбоордук-сметалык документтеринде 225 орундан 275 орунга чейин көбөйтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
3. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин токтомдору каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдѳѳ жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Т. Ормуковага тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамбетов