Редакцияот 26.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги

IV сессиясы

 

2025-жылдын 26-мартындагы  №45

 

“Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата тарифтерин сметасын жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

 

“Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата сметасын жана штаттык бирдигин бекитүү боюнча ишкананын жетекчиси Р.Алманбетовдун жана айылдык кеңештин бюджет жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын №123 ,,Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-11-пунктарына таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы                     

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    “Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Алманбетовдун жана туруктуу комиссиялардын маалыматтары жана 2025-жылга иш планы жактырылсын.

 

  1. ,,Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципалдык ишканасынын башкаруусунда турган техникаларынын калкка кошумча кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин төмөнкү баалар менен бекитилсин.

 

№

     Техникалардын аталышы

Өлчөө бирдиги

      Тарифи

1

Фронталдык погрузчик

саат

3500 сом

2

Хово  20 тонн            (кум-шагыл)

1 каттамына

3500 сом

3

Эксковатор             (траншей казуу)

1 метр

200   сом 

 

Эксковатор (жүктөө сүзүү)

1 саатына

3000 сом

5

Хово 10тонн              (кум шагыл)

1 каттамына

3000 сом

 

Хово 10тонн              (кызыл кум)

1 каттамына

2000 сом

 

Хово 10тонн (таш түшүрүү)

1 каттамына

4000 сом

 

  1. Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын №01-04-217сандуу катынын негизинде “Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата айыл аймактарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча тарифтери төмөнкү баалар менен бекитилсин.

 

№

 

Айылдардын аталышы

Кожолуктар жеке краны барлар

Муниципалдык крандан пайдалангандар үчүн

 

1 жылга

1 айга

бир жылга

бир айга

1

Терек-Суу

1200 сом

100 сом

600 сом

50 сом

2

Чоң-Арык

1200 сом

100 сом

600 сом

50 сом

3

Чолпон-Ата

1200 сом

100 сом

600 сом

50 сом

 

 

             Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын №01-04-217 сандуу катынын негизинде “Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципалдык ишканасынын айыл аймактардан катуу тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү боюнча тарифтери төмөнкү баалар менен бекитилсин.

 

 

№

 

Айылдардын аталышы

Бир кожолука

Бир айга

Бир кожолука

Он айга 

1

Терек-Суу

100 сом

1000 сом

2

Чоң-Арык

100 сом

1000 сом

3

Чолпон-Ата

100 сом

1000 сом

4

Мазар-Суу

100 сом

1000 сом

5

Ак-Тектир

100 сом

1000 сом

6

Кара-Күнгөй

100 сом

1000 сом

 

 

 

  1. Кетмен-Дөбө таза аймак муниципалдык ишканасынын башкаруусунда турган техникаларынын калкка кошумча кызмат көрсөтүүсү боюнча 2025-жылга карата айыл аймактагы участкаларга барып иштөөсү үчүн ар бир каттамына керектелүүчү күйүүчү майынын сметасы бекитилсин.

 

  1. Кетмен-Дөбө таза аймак муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата штаттык түзүмүнө жана эмгек акыларына макулдук берилсин.

 

  1. Кетмен-Дөбө таза аймак муниципалдык ишканасынын 2025-жылган карата жалпы киреше жана чыгаша сметасы бекитилсин.

 

  1. Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу айылдарда белгиленбеген жерлерге жарандар тарабынан таштандылар ташталып аныкталса, ошондой эле жай айында ичүүчү суу менен бак-дарак, огородтор суугарылса үй ээсине, Кыргыз Республикасынын №128 ,, Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде атайын комиссиянын актысы менен эскертүүсүз айып пул салуу жана таза суу пайдалануудан ажыратуу жагы эске алынсын.

 

8.     Бул токтомдун аткарууга алуу жагы, Кетмен- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевге, ,,Кетмен-Дөбө таза аймак" муниципиалдык ишканасыныын директору Алманбетов Рустам Жолчубаевичке Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин бюджет, айыл чарба, мунципиалдык менчик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш жана мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларга тиешелүүлүгүнө жараша тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.                                         

 

   Төрага   

 

               А.С.Алишеров