КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
IV сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №46
«Кетмен-Дөбө айыл аймагынын, Терек-Суу айылынын Токтогул-Беш-Таш авто жолунун жээгине жөө адамдар басуучу жол (тратуар) салуу жана жарыктандыруу коюу» долбоордук сунуштарын колдоо жөнүндөгү № 20 токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу долбоордук сунуштарды даярдоо жана ишке ашыруу максатында, айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча жетектөөчү адис Н.Мырсырайымовдун жана айылдык кеңештин бюджет, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана маалыматтын угуп, Кыргыз Республикасынын №123 ,, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Н.Мырсырайымовдун жана бюджет,инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоорду каржылоо суммасы өзгөргөндүгү тууралуу маалыматтары эске алынсын.
- Терек-Суу айылынын Токтогул-Беш-Таш авто жолунун жээгине жөө адамдар басуучу жол (тратуар) салуу жана жарыктандыруу коюу” боюнча долбоор жактырылсын.
- Долбоорду ишке ашырууда өздүк салымдын өлчөмү 2000.0 (эки миллион) сом болуп өзгөртүлсүн жана Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин атайын дирекциясынын жетекчисине жана байкоочу кеңешине сунушталсын.
- Долбоорду ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Т.Багымбаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, инвестиция боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|