Редакцияот 26.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги

IV сессиясы

 

2025-жылдын 26-мартындагы  №50

 

Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан, Беш-Тал калктуу конушунун көчөсүнө Эсенбеков Бекиштин ысымын ыйгаруу жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген ,, Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралу” Жобонун негизинде (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык), Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы №3 протоколдук чечими жана Беш-Тал калктуу конушунун тургундарынын 2025-жылдын 05-мартындагы чогулушунун №1 протколдук чечимин угуп жана талкуулап, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы №3 протоколдук чечими жана Беш-Тал калктуу конушунун тургундарынын 2025-жылдын 05-мартындагы №1 протоколдук чечими колдоого алынсын.

 

  1. Беш-Тал калктуу конушунун көчөсүнө оруктун жана эмгектин ардагери ,, Эл агартуунун отличниги” Эсенбеков Бекиштин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

 

  1. Беш-Тал калктуу конушунун көчөсүнө оруктун жана эмгектин ардагери, Эл агартуунун отличниги” Эсенбеков Бекиштин ысымы ыйгарылгандан кийинки тиешелүү баардык документтерди даярдоо, жазмаларды, белгилерди илдирүү уул-кыздарына милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

  1. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

 

 

   Төрага   

 

               А.С.Алишеров