Редакцияот 26.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 26-августу № 299

«Түндүк» ачык акционердик коомунун

айрым маселелери жөнүндө

Санариптештирүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык «Түндүк» ачык акционердик коомун (мындан ары – «Түндүк» ААК) жоюу жана жоюу комиссиясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

2) «Түндүк» ААКтын функцияларын жана милдеттерин, ошондой эле анын финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын, материалдык эмес активдерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине өткөрүп берүүнү камсыз кылуу;

3) кайталануучу функцияларды жоюу үчүн уюштуруу түзүмүнө функционалдык талдоо жана оптималдаштыруу жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине ишке орноштурууга тийиш болгон «Түндүк» ААКтын кызматкерлеринин санын аныктоо;

4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен «Түндүк» ААКтын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүү.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 «Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1, 2-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 5-пункттун 7-пунктчасында:

- «Түндүк» ААК жана» деген сөздөр алып салынсын;

- «берүүчүлөр» деген сөз «берүүчү» деген сөзгө алмаштырылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-августундагы № 65 (3825) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров