КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 28-августу № 301
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын
8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын ишинин айрым
маселелери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) бул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын издеп тапсын;
2) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 66 (3826) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |