Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз
VI сессиясы
2025-жылдын 15-августундагы №60
Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысына кызматтык автоунааны жергиликтүү бюджеттен лизинге алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №633 тескемесин жетекчиликке жана аткарууга алып, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына
“Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан “Шевролер трекер” маркасындагы
кызматтык автоунаасын лизинг аркылуу алуу максатында, Министрлер Кабинетинин №633 тескемесин жана айылдык кенештин бюджет комитетинин туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын ,, Бюджеттик кодексинин” мыйзамынын 13-беренесинин 1-2 пунктарына, Кыргыз Республикасынын №123,,Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кенешинин IX- чакырылышынын кезексиз VI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Министрлер Кабинетинин №633 тескемеси жана бюджет комитетинин туруктуу комиссиясынын сунушу эске алынсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына кызматтык автоунаа алынсын.
3. Лизингге алына турган автоунаанын төлөмдөрү жана башка чыгымдары Министрлер Кабинетинин №633 тескемесине жана ,,Мамлекеттик лизинг компаниясы” жобосуна ылайык жергиликтүү бюджеттен төлөнүп берилсин.
4. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен келишимге жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол кою укугу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Багымбаевге милдеттдендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|