Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ККетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
VII - сессиясы
2025-жылдын 18-августундагы №61
2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Б.Т. Багымбаевдин аткарылган иштеринин отчету жөнүндө.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин жана айылдык кеңештин алдында түзүлгөн баардык туруктуу комиссиялардын баяндамаларын жана сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын №123 ,, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX- чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Багымбаевдин 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймактагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, социалдык-экономикалык, маданий ж.б багыттарда аткарылган иштери боюнча отчету канаатандырарлык деп табылсын.
2. Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган
сын-пикирлер эске алынсын жана депутаттар тарабынан коюлган сунуштар, тапшырмалар жыл аягына чейин аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы тиешелүүлүгүнө жараша туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5.Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|