Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ККетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
VII - сессиясы
2025-жылдын 18-августундагы №62
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча жана Жаштар, спорт, маданият, билим берүү, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияларынын 17-августундагы №6 протоколдук чечими ,Чон-Арык айылындагы Коргол атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы эмгек жамаатынын 2025-жылдын 30-январындагы №6 токтомун талкуулап , Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX - чакырылышынын кезектеги Vll- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча жана Жаштар, спорт, маданият, билим берүү, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комитеттердин туруктуу комиссияларынын жана Коргол атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын сунуштары эске алынсын.
2.Агартуу тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгегин ,коомдук иштердеги активдүүлүгүн , айыл аймактын экономикалык ,социалдык жана маданий өнүгүшүнө кошкон зор салымдарын эске алынып,Жумалиева Анаржан Карагозуевнага Кетмен-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. ”Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналышта,даталуу күндө салтанаттуу тапшырылсын
4. Токтомду аткарууга кете турган чыгымдары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин жана уюштуруу иштери өкмөт башчы Б. Т. Багымбаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин алдында түзүлгөн комитеттердин тиешелүүлүгүнө жараша тапшырылсын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7.Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|