Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
VII - сессиясы
2025-жылдын 18-августундагы №64
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын ,, Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө.
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча жана Жаштар, спорт, маданият, билим берүү, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комитеттердин туруктуу комиссияларынын 17-августундагы №6 протоколдук чечимин жана жалпы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо жана социалдык маселелер боюнча жана Жаштар, спорт, маданият, билим берүү, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комитеттердин туруктуу комиссияларынын жана жалпы депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Айыл аймактын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүшүнө кошкон зор салымдарын эске алынып, Борбиев Болотбек Ибраимовичке Кетмен-Дөбө айыл аймагынын ,, Ардактуу атуулу ” наамы ыйгарылсын.
3. ,,Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналышта, даталуу күндө салтанатуу тапшырылсын.
4. Токтомду аткарууга кете турган чыгымдары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин жана уюштуруу иштери өкмөт башчы Б. Т. Багымбаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин алдында түзүлгөн комитеттердин тиешелүүлүгүнө жараша тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
7. Бул токтом https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|